Курсан Асанов үй камагына чыкты

Курсан Асанов үй камагына чыкты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Биринчи май райондук соту 20-мартта Асановду 26-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу тууралуу чечимин чыгарган.

Курсан Асанов 5-9-октябрдагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 13-август күнү Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>