Курсан Асановдун иши. Жаңы адвокаттын кириши боюнча сот жылдырылды

Курсан Асановдун иши. Жаңы адвокаттын кириши боюнча сот жылдырылды

8-сентябрда борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзилда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбековдун иши боюнча сот жараяны өтүшү керек болчу.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ишке жаңы адвокаттын киришине байланыштуу сот отуруму 18-сентябрга жылдырылды.

Өткөн жылдын август айында Курсан Асанов «кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылып, ишенимди жоготкону үчүн» кызматтан алынган. Андан кийин, бир нече кылмыш иши козголуп, жараян борбордун Биринчи май райондук сотунда жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>