Кычкылтек концентратын алып берем деп 5 адамды алдап кеткен шектүү кармалды

Кычкылтек концентратын алып берем деп 5 адамды алдап кеткен шектүү кармалды

Кычкылтек концентратын алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен шектүү  кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

7-июль күнү Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда ал Максат  аттуу жаран, кычкылтек концентратын алып келип берем деп 300 доллар алган бойдон качып кеткенин айткан.

Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Түп районунун   23 жаштагы тургуну кармалган.

Шектүү мындан тышкары кычкылтек концентратына муктаж болуп оор абалда жаткан 5 жаранды алдап качып кеткендиги аныкталган.

Азыркы учурда, ал убактылуу  кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>