Күндүн саны: МСК 12 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Күндүн саны: МСК 12 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы 4 айда 12 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-апрель айларында 12 миллиард 20,7 миллион сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Бул белгиленген план 103,2 %га аткарылганынан же 370,7 миллион сомго көп жыйналганынан кабар берет.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 637,1 миллион сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 115,8 %ды түзгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>