Кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер жанданат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер жанданат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер кайрадан жанданат. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Эл аралык мамилени жакшыртып, өткөрмө бекеттерди оңдоо, мекеменин 2019-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн.

Анда кошуна мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу күчөгөнүнө байланыштуу, кошумча жол керек болуп жатканы айтылат.

Стратегияда товарларды өткөрүүнү ыкчамдатуу үчүн, ошондой эле бажы процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу пландары сунушталган.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы расмий 15 өткөрмө бекеттин сегизи иштеп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин көбү 2005-жылдагы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Акыркы жылдары расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери жакындагандан баштап, бекеттер кайра ачыла баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>