Кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Каримовду өлтүргөн кыргызстандык жаран болуп чыкты

Кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Каримовду өлтүргөн кыргызстандык жаран болуп чыкты

Кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды. Кармалган жаран Зарылбек аттуу Кыргызстандын тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу орус басылмаларына таянуу менен «Элдик медиа» жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүнү Челябинск областынын Коркино шаарында күч органдары колго түшүргөн. Колго түшкөн Зарылбек аттуу жаран жолтандабастын айдоочусу болгон.

Ал көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алган. Зарылбек буга чейин талап-тоноочулук боюнча жазасын өтөп, өткөн жылдын октябрь айында эркиндикке чыккан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“Комсомольская правда” басылмасына диаспоранын өздүк булактары билдиргендей, Зарылбек унааны айдап катышкандыгы үчүн 100 миң рубль алган. Окуяда Каримовду өлтүрүү ниеттери болбогондугун айткан. Кылмыштуу топ “Таганский ряд” базарынан башка ишкерге кол салууну көздөшкөн. Бирок, Каримовдо көп суммадагы акча бар экенин угуп калган соң, пландары өзгөрүлүп кеткен. Алар акчаны алып качмак болгондо, Каримов каршылык көрсөткөндүктөн окуянын аягы өлүм менен бүткөндүгүн айтып берген. Окуяда 5 кишинин катыштыгы болгон.

Айрым маалыматтарда Каримовдун сумкасынан 4 миллион рубль уурдалганын жазышкан.

Июль айынын башында кыргыз ишкерди өз үйүнүн алдынан атып кетишкен. Кол салган үч киши видеокөзөмөлгө түшүп калган. Кылмышкерлер Каримовдун сумкасындагы 19 миллион рублды уурдаганга аракеттенишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>