“Кыргызкөмүр” ишканасына жаңы жетекчи келди

“Кыргызкөмүр” ишканасына жаңы жетекчи келди

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишанасынын директору болуп Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Мирлан Жакыповду жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.

Мирлан Жакыпов бир ай мурун дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.

51 жаштагы Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директору болуп иштеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>