Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр эмнеден чыкканы айтылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр эмнеден чыкканы айтылды

Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Пикир келишпестик бүгүн, 13-майда саат 11:20лар чамасында Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын ортосунда чыккан.

«Жергиликтүү тургундардын малдары эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткендиктен Баткен районунун Сай айылынын 50 жаштагы тургуну ээлерине малдарын алып кетишин айтканда Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен«, — деп айтылат маалыматта.

Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 адам аталган жерге чогулушкан.

Аталган окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугушуп сүйлөшкөн. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурап, элдешүүнү суранышканы айтылат.

Аталган окуя 66-берене (Ден соолукка зыян келтирүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Ал эми денесинен жаракат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Аталган окуя боюнча Сай жана Бирлик айыл аймагынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык борбордук аянтына саат 15:00дө чогулушуп, нараазычылыктарын билдиришкен.

Айдаркен шаардык маданият үйүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБнин начальниги Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБнин начальниги Алмазбек Шагамурзаев жана Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын командирлери болгон окуя боюнча чогулган тургундарга маалымат беришкен.

Жарандар тарабынан чек араны тактоо талаптары коюлуп, саат 17:30дар чамасында чогулган эл таркап кеткен. Учурда Баткен облусунун чек арага  чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө экени айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>