Кыргыз-Тажик делегациясы чек арасы боюнча биргелешкен документтерге кол коюшту

Кыргыз-Тажик делегациясы чек арасы боюнча биргелешкен документтерге кол коюшту

2021-жылдын 1-майында Баткен шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси болуп өттү.

Делегацияларды Кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши тийиш экендиги айтылды.

Тараптар аскер техникасын токтоосуз түрдө туруктуу жайгашкан ордуна кайтарууга киришүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ар тараптуу олуттуу пикир алмашуу болду.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>