Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чоң жаңжал чыгабы?

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чоң жаңжал чыгабы?

Кыргыз-тажик чек арасында 29-30-апрелде орун алган куралдуу чыр чатак алдынкы айларда кайрадан кайталанат. Мындай пикирин айрым серепчилер айтышууда.

Кыргыз-тажик чек арасы кооптуу жана өтө опурталдуу маселе. Себеби ал жакта күнүмдүк турмушта колдонгон тамак-аштан баштап, күйүүчү май жана дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүнө жиберилүүчү баңгизаттан бери контрабандалык жол менен ташылат.

Жакын арада кайрадан орун алары айтылган жаңжалдын чыгуусуна башкы себеп катары, коңшу өлкөнүн аткезчилик менен өткөрүп жүргөн товарларынын токтоп калуусу жана ички саясий чыңалууну азайтуу үчүн чек ара чыры менен Тажикстан элин алаксытууга аракет кылары айтылууда.

Буга башкы далил катары, Тажикстан аскердик техникаларын чек арадан чыгарып кетпей, кыргыз-тажик тилкесиндеги Шураб аймагына жана Исфара районундагы Зумрат санаториясынын айланасына оор техникаларын жайгаштырып койгонун белгилешүүдө.

Зумрат  санаториясы:

Шураб шаарчасы:

 

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, өткөн окуяларды унутпай, Ошондуктан кагылышууга дайардана бериш керек.

“Чек арада жаңжал кайрадан чыгат деген кооптонуу бар. Мынчалык жырткыч эл экен деп ойлогон эмес элем. Орустардын айтканы болсо керек, “Хочешь жить в мире, готовься к войне” деген. Жаңжалга сөзсүз даярданышыбыз керек. Антпесек, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу бар. Тажиктерди түрткүлөгөн, колдогон күчтөр бар экени байкалып калды. Ал күчтөрдү, кызыкчылыктарды көзөмөлдөп, баалап туруу өтө зарыл. Ал эми Чоң-Алайдагы көрүнүш апрелдин этегинде болгон кагылышуунун уландысы.Тажик бийлигине, тажик элине ишеним жоголду. Учурдагы бүткүл мамилени токтоткон иш чаралар туура чечим”, — дейт Айбалаев.

 

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди толук тактамайынча кайрадан чоң жаңжал чыгып калуусу мүмкүн экенин айтат.

“Чек арада кыргыз-тажик айылдары жакын жайгашкан жерлер бар. Ошол жерде күнүмдүк турмуштагы жаш балдардын ортосундагы пикир келишпестик чагымчылардын колдоосу менен чоң жаңжалга айланып кетүүсү, чек ара тилкелеринин такталбаганы, зым торлорлордун тартылбаганы жана контрабандалык иштердин толугу менен токтобогону, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коррупцияга аралашып калганынан улам, дагы чоң жаңжал чыгышы мүмкүн. Локалдуу жаңжал учурунда таш ыргытуудан, курал колдонгонго чейин өтүүсү ыктымал”, — дейт Медетбеков.

Серепчинин билдирүүсүнө таянсак, Тажик тарап апрелдин этегинде болгон жаңжалга 2 ай мурун эле аскердик даярдык көрүп, акопторду казып, танктарын, БТРлерин, миномётторун жана башка куралдарын даярдаганы алдын ала белгилүү болгон.

“Орусия берген жаңы үлгүдөгү тик учактарды даярдап, алдын ала машыгууларды өткөрүшкөн. Эгерде алардын даярдыктарын жана Чоң-Алайдагы акопторду казганын эске алсак, анда чек арадагы тактала элек жерлерди делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүүдө активдүү жана агресивдүү иш алып баруусунан кабар бериши мүмкүн. Ошондой эле Тажикстан Авторитардык, тоталитардык өлкө. Ал жакта бүтүндөй өлкөнү бир киши жана анын үй-бүлөлүк режим башкарып калган жана учурда ага каршы ар кандай пикирлер айтылып, ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен ага каршы тымызын иштер жүрүүдө. Элди алаксытуу жана биримдигин көрсөтүү үчүн, чек арада жаңжалдарды чыгаруу менен ички саясатынан алыстатууда.

Акыркы убакта коңшу өлкө Кыргызстандын ички абалына көп көңүл буруп, бийликтин алмашканын, бийлик убактылуу болгонун көрүп, кандайдыр бир деңгээлде текеберчилик менен өзүлөрүнө тең сиңбей абалда кароодо”, — дейт Артур Медетбеков.

Ал кошумчалагандай, Тажикстан мындай кадамы менен чек араны тактоодо бир беткей кызыкчылыкты колдонгусу келет. Кыргыз бийлиги, жергиликтүү өкмөт, Укук коргоо органдары тийиштүү чараларды көрүүгө даяр болушу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда 972 чакырым чек ара сызыгынын 375 чакырымы тактала элек. Чыр-чатактардын көбү Баткен облусунну аймагында жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын дини, тилеги жана максаты бир болгон өлкөлөр. Илгертен бери эки эл куда-сөөк болуп кылмыдар бою ынтымакта жашап келген. “Эки дөө кармашса, ортосунда чымын өлөт» болуп, кайсы бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн бүтүн элди курмандыкка чапкан туура эмес. Андыктан чек арада жашаган калк чагымчылардын тилине кирбей, сабырдуулук жана акылмандуулук менен баарын жеңерине ишенебиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>