Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжалдан жаракат алгандар ооруканада дарылануусун улантышууда

Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжалдан жаракат алгандар ооруканада дарылануусун улантышууда

Кыргыз-Тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдан жаракат алып ооруканага түшкөн 16 жаран дарылануусун улантып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлаганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайк, ооруканага жалпы 31 адам кайрылган болчу. Дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү.

Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстандын Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге тажик желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп,  чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жашоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы азырынча расмий айтыла элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>