Кыргыз-Тажик чек арасында жер титиреди

Кыргыз-Тажик чек арасында жер титиреди

Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча 14:14тө Кыргыз-Тажик чек арасында эпицентринде күчү 4 баллга жакын болгон жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым алыстыкта жайгашкан Транс-Алай тоо кыркаларында орун алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>