Кыргыз жараны Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалды — видео

Кыргыз жараны Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалды — видео

Орусиянын аба майданында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов Тажикстандын өтүнүүчү менен кармалды. Бул тууралуу анын жакындары интернет аркылуу кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, кыргыз жаранын 18-апрелде жалган-жалаа жабылып кармалган. Мажитов эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген.

«Жолдошум 18-апрелде Нижный Новгород шарына иш издеп барган. Ал учактан түшөрү менен аэропортто полиция кармап кетиптир. Орус сотунун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу чогуу баргандар кабар беришти. Бийлик жардам бербесе абал өтө оор болуп турат», — деген жакындары.

Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>