“Кыргызалтынга” жетекчи болуп Маратбек Чолпонкулов дайындалды

“Кыргызалтынга” жетекчи болуп Маратбек Чолпонкулов дайындалды

Маратбек Чолпонкулов “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө таянсак, Чолпонкуловду «Кыргызалтындын» директорлор кеңеши тандап алган.

“Кыргызалтындын” буга чейинки төрагасы Эльмырза Үкүбаев пара талап кылууга жана пара алууга шектелип кармалган.

Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович — 1962-жылы 28-августта туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү факультетин “тоо инженер-электриги” адистиги боюнча аяктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>