Кыргызча  мультфильмдердин сценарийине сынак жарыялады

Кыргызча  мультфильмдердин сценарийине сынак жарыялады

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилинде мультфилмдердин сценарийине сынак жарыялады.

Анимациялык 10 мүнөттүк мультфильмге 1,5 миллион сом, 30 мүнөттүккө 2 миллион сом бөлүп берүүгө даяр.

Негизи тлаптар:

— Мазмундуулугу сынактын темасына ылайык келиши керек;

— Сынактык сценарийлерде болочок фильмдин балдарга болгон жеткиликтүүлүгү: материалдар жөнөкөй жана жаш балдардын аудиториясы үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;

— Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү;

— Сынактык сценарийлерди тандоодо мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук салттарга жана тарых, жаш муунду тарбиялоого басым жасоо мамилелери эске алынат.

— Мазмуну Кыргызстандын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат. Аны атайын комиссия карап чыгат.

Ал эми сценарийлерди 13-мартка чейин жөнөтүү зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>