Кыргызстан эл аралык сотто канадалык компанияга утулду

Кыргызстан эл аралык сотто канадалык компанияга утулду

Канадалык «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компаниялары кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда 24 миллион доллар доону утуп алды. Бул тууралуу «Bloomberg» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, канадалык компания «Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды» — деп кыргыз өкмөтүнөн 128 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Торонтодо Эл аралык арбитраж ишти карап чыккандан кийин, кыргыз өкмөтүн «Stans Energy Corp» компаниясына 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бул маалыматты кыргыз өкмөтү да ырастады. Бирок өкмөт жалдаган «King&Wood Mallessons LLP» юридикалык компаниясынын өкүлү Андрей Яковлевдин айтымында, Эл аралык сот канадалык компаниянын негизги доосун четке какты.

“Эл аралык арбитраж «Кутесай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарын жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Бирок бул компанияларга калган доомат, талаптарына моюн берген жокпуз.

«Stans Energy Corp» компаниясы тарабынан коюлган талаптар, ушул иш боюнча угуу болгон 2018-жылдын апрель айына карата 304 млн. доллар болчу”, — деп билдирди Яковлев.

«Stans Energy Corp» компаниясы Кеминдеги сейрек металлдардын запасы бар «Кутесай-II» жана Калесей кендерин иштетүү укугун 2009-жылы алган.

Бирок кыргыз өкмөтү «Канадалык компания милденттенмелерин так аткарбай жатат» — деп лицензиясын 2011-жылы жокко чыгарган. Мына ушул мезгилден тарта өкмөт бул компания менен соттошуп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>