Кыргызстан Иран, Вьетнам, Арап өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт

Кыргызстан Иран, Вьетнам, Арап өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт

Учурда Кыргызстандын аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экспорт үчүн адал эт паркын түзүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

“Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат”, — деди министр.

Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстан Иран, Вьетнам, Арап өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>