Кыргызстан күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн рейтингинде 11-орунда турат

Кыргызстан күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн рейтингинде 11-орунда турат

Бир литр бензиндин наркы 0,45 долларды түзүп, Кыргызстан күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн рейтингинде 11-орунду ээледи, деп жазат Globalpetrolprices.

Порталдын маалыматына ылайык, биринчи беш орунду Венесуэла (0,02 доллар), Иран (0,06 доллар), Ангола (0,24 доллар), Алжир (0,34 доллар) жана Кувейт (0,34 доллар) ээледи. Акыркы орундарда Гонконг (2,3 доллар), Нидерланды (1,9 доллар) жана Норвегия (1,9 доллар) турат.

Азияда, Кыргызстандын коңшуларынын ичинен Казакстан алдыда ($ 0,4) — 8-орунда турат. Өзбекстан 47-орунда — 0,74 доллар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>