Кыргызстан климаттык фонддорду иштешүүгө чакырды

Кыргызстан климаттык фонддорду иштешүүгө чакырды

Ушул тапта кыргыз Президенти Садыр Жапаров Шотландияда өтүп жаткан климаттык саммитте катышып жатат. Ал Кыргызстанга гидроэнергетикалык станцияларды куруу үчүн эл аралык банктар менен климаттык фонддорду тыгыз иштешүүгө чакырды.

Ал өз сөзүндө, “2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жашоого өтүүгө аракет кылат. Биз табиятка зыян келтирбестен өнөр-жай тармагын жана турак-жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте, көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергияга толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидростанцияларын куруу долбоорун ишке ашыра баштадык. Бүгүнкү күндө онго чукул электростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында ишке берилди. Калгандары келээрки жылдын соңунда ишке кирип калат.

Париж келишиминин духуна ылайык, өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гирдоэнергетикалык тармакта, анын ичинде, мамлекеттик жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам.

Прогрессивдүү технологиялар, иновациялар жана ноухаулар болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө көмүртексиз жашоого жана экономикалык өсүшкө жете албайт. Буга байланыштуу эл аралык банктарды, климаттык фонддорду, биз менен тыгыз иштөөгө чакырам” – деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>