Кыргызстан көмүр жеткирүүнү көбөйтүү боюнча Казакстан менен макулдашты

Кыргызстан көмүр жеткирүүнү көбөйтүү боюнча Казакстан менен макулдашты

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттиги Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашты.

Агенттик кабарлагандай, жакын арада 247 вагон көмүр келет. Импортер отунду тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттенме алды.

Шабыркүл көмүрү Бишкек шаары менен Чүй облусундагы – Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат.

Өлкөдө суук түшкөндөн бери көмүр базарында ажиотаж жаралды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өстү.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон сатыларын билдирген. 16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сатыла баштап, алуучулар көбөйгөндүктөн кошумча кампа ачылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: көмүр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>