Кыргызстан менен Литванын жарандары эки өлкөнүн аймактарында визасыз 90 күнгө чейин жүрө алышат

Кыргызстан менен Литванын жарандары эки өлкөнүн аймактарында визасыз 90 күнгө чейин жүрө алышат

Келишимге ылайык, Кыргызстан менен Литванын жарандары эки өлкөнүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат. Мындай маалымат бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Аталган комитетте  Кыргыз Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырды.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу долбоору жактырылды.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы келишимдер түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>