Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин 112 километр жерге кол коёт

Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин 112 километр жерге кол коёт

Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин 112 километр жерге кол коёт. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Максат айылынын тургундары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө бир нече талаш тилке боюнча бирдиктүү чечимге келди.

«Биз кароого 112 километрди бердик. 9-майга чейин бүтүрүш керек. Андан соң президенттер кол коёт жана демаркация иштери жүрөт. Силердин айылыңар ал аймакка кирбейт. Азырынча Кулундуга чейин эле”, — деген Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 36 адам каза болуп, жүздөгөн жай тургундар жаракат алган. Облуста жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>