Кыргызстанда коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо токтоду

Кыргызстанда коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо токтоду

Кыргызстанда коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу парламенттин комитетинин отурумунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып, уу-коргошун менен дарылоо токтогонун айтты.

“Каражат иммунитетти көтөрөт, коронавирус менен жабыркагандардын ооз көңдөйүндөгү жаман нерселерди тазалайт”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын айтымында, уу-коргошун ракты дарылоодо оң таасирин тийгизет, 4чү даражадагысын да: “Шишик өспөйт”, — деген министр.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>