Кыргызстанда өткөн жылы 6 миңден ашуун жол кырсыгы орун алды

Кыргызстанда өткөн жылы 6 миңден ашуун жол кырсыгы орун алды

Кыргызстанда өткөн жылы 6 миңден ашуун жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 12 айында республика аймагында 6126 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайызга, жол кырсыгынын кеспетинен каза болгондордун саны 0,7 пайызга азайган.

Статистикалык маалыматка ылайык 2020-жылдын 12 айында катталган жол кырсыктарынын 88,3 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болгон. Жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери негизинен айдоочулардын ашыкча ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгынан, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендигинен, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгынан болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>