Кыргызстанда 1-июндан тарта бардык ишкерликтин түрү жанданат

Кыргызстанда 1-июндан тарта бардык ишкерликтин түрү жанданат

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрү жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда:
— маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
— көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
— интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
— мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>