Кыргызстанда 33,9% адамдын укуктары корголбойт

Кыргызстанда 33,9% адамдын укуктары корголбойт

Адам укуктарынын индекси боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы жарандардын 33,9% нын адам укуктары сакталбайт деп белгилешкен. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков “Пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңыча мамилелер” тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында,  сурамжылоо учурунда, 25,4% «жок»; 26,6% «ооба»; 14,1% «ооба» деп жооп беришкен.

Ошол эле учурда, жарандардын 48,2% сот алдында бирдей укуктар жок дешсе, ал эми 20,8% укуктар корголот деп эсептешет.

Жалпысынан биринчи этапта 682 адам менен маектешүү болгон.

«Биз белгилүү натыйжаларга жетиштик, бирок адам укуктарын жакшыртууга барышыбыз керек», — деди ал.

Ошондой эле, бул долбоордун аягына чейин 3000 миңден ашуун адам менен маектешүү жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>