Кыргызстанда акындардын арасында «XIII Эл-аралык Айтыш-2019» сынагы өтөт

Кыргызстанда акындардын арасында «XIII Эл-аралык Айтыш-2019» сынагы өтөт

Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «XIII Эл-аралык Айтыш-2019» айтышы ушул жылдын 30-31-августунда өтөт. Бул тууралуу Республикалык “Айтыш” коомдук фонду Фейбуктагы баракчасына жарыялады.

Аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат.

Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында болот. Ал эми жарым финал, финал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Сынакка Республиканын бардык аймактарынан акындар чакырылат. Алардын жаш курагы, башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт.

Тандоо турунан өткөн 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышка катышат. XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлат. Байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>