Кыргызстанда эки айга чейин визасыз жүрүү үчүн дагы 9 өлкө кошулууда

Кыргызстанда эки айга чейин визасыз жүрүү үчүн дагы 9 өлкө кошулууда

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында жарандары Кыргызстанда эки айга чейин визасыз жүрүүгө укуктуу чет мамлекеттердин тизмесине дагы тогуз өлкөнү кошуу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгиледи.

«60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргызстанга визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда», — деди.

Алар Албания Республикасы, Болгария Республикасы, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль Мамлекети, Кипр Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Румыния Республикасы, Таиланд Королдугу, Мексикалык Кошмо Штаттары.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров тогуз мамлекет кайсы критерийдин негизинде тандалганын сурады.

Өкмөт өкүлү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү максатында гана тандалганын жүйө келтирди.

Өз кезегинде Төрөбай Зулпукаров мындай критерий болбош керектигин белгилеп: «Экономикалык абалын, соода катнаштарыбызды эске алуу менен жеңилдик берилиш керек болчу. Алсак Вьетнам өлкөсү менен алакаларыбыз анчалык деңгээлде эмес», — деди.

Ушундай эле пикирди айткан депутаттар Чынара Урумкалиева менен Махабат Мавлянова  Албания, Вьетнам өлкөрүнүн ички дүң продукциясынын көлөмү да төмөндүгүн жүйө келтиришип, буга ылайык ал жактан туристтер келээрине ишеним аз экенине токтолушту.

«Туризмди өнүктүрөлү десек, бай мамлекеттердин жарандарына жеңилдик берүүгө басым жасашыбыз зарыл», — деди Махабат Мавлянова.

Ал эми депутат Дастан Бекешев башка өлкөлөргө да визасыз киргенге уруксат берүү керектигин билдирип, мыйзам долбоорун колдоорун кошумчалады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, жарандары Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө ала турган өлкөлөрдүн тизмесинде азыр 67 өлкө бар. Ал эми кыргыз жарандары 26 мамлекетке визасыз кирип-чыга алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>