Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу тутумун өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Куралдуу Күчтөрдү башкаруу тутумун мындан ары өркүндөтүү максатында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

— Коргоо министрлигин Мамлекеттик коргоо комитетинин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында түзүү максатка ылайыктуу деп табылсын.

— Өкмөткө ушул жарлыктан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2014-жылы Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшүндө жоюлган. Анын ордуна тармакты башкарган бирдиктүү орган катары Башкы штаб негизделген.

Министрликтин базасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет иштей баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>