Кыргызстанда коронавирустан дагы 7 бейтап каза болду

Кыргызстанда коронавирустан дагы 7 бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу 7-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Акыркы суткада каза болгон учурлар төмөнкү аймактарда катталган.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);
Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта)

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын жалпы саны 99га жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>