Кыргызстанда орточо эмгек акы 20 миң сомго жакын

Кыргызстанда орточо эмгек акы 20 миң сомго жакын

Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов республиканын 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, орточо эмгек акынын өсүшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%ды түздү.

«Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү транспорт секторунда жана товарларды сактоодо — 31,7%га, мүлк менен болгон бүтүмдөрдө — 16,4%га, маалымат жана байланышта — 16,1%га, өндүрүштө — 13,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө — 11,1%га байкалган», — деди Шокенов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>