Кыргызстандан Орусияга уча турган рейстердин жадыбалы жарыяланды

Кыргызстандан Орусияга уча турган рейстердин жадыбалы жарыяланды

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек менен Ош шаарларынан Орусиянын бир топ аймагына уча турган рейстердин жадыбалын жаңылады. Бул тууралуу «Марал» радиосу жазды.

2-сентябрдан 13-сентябрга чейинки рейстердин жадыбалы:

2-сентябрь, таңкы саат 4.45те Бишкек – Екатеринбург рейси аткарылат;

4-сентябрь, 7.45 — Ош — Москва;

5-сентябрь, 7.35 — Бишкек — Санкт-Петербург;

5-сентябрь, 21.55 — Ош — Санкт-Петербург;

6-сентябрь, 18.10 — Ош — Новосибирск;

7-сентябрь, 5.10 — Ош — Екатеринбург;

8-сентябрь, 4.55 — Бишкек — Москва;

8-сентябрь, 6.50 — Ош — Москва;

8-сентябрь кечки саат 17.45 — Ош — Новосибирск;

9-сентябрда (учуу мөөнөтү такталып жатат) — Бишкек — Екатеринбург;

11-сентябрь, 7.45 — Ош — Москва;

12-сентябрь, 7.35 — Бишкек — Екатеринбург;

12-сентябрь, 21.55 — Ош — Санкт-Петербург;

13-сентябрь саат 18.10дө — Бишкек – Новосибирск каттамы ишке ашырылат.

Орусиянын жарандары бул өлкөгө барардын алдында мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында көрсөтүлгөн атайын документти толтурушу керек. Үч күн мурда коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын аталган порталга жүктөө зарыл. Ал эми Орусияга барган Кыргызстандын жарандарында «коронавирус жок» деген анализдин жыйынтыгы болушу шарт.

Жарандар анализди Кыргызстандагы «Бонецкий» жана «Аква» лабораторияларында тапшыра алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>