Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн сынакта 1-орунду ээлешти

Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн сынакта 1-орунду ээлешти

Италияда өткөн эл аралык “Cultura in movinento» онлайн сынагында «Жылдыз» бийчилер тобу 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 37 ѳлкѳ катышкан, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн. Чүй райондук маданият үйүнүн «Жылдыз» фольклордук ансамбли бул сынакта «Муха-Цокотуха» бийи менен “Эстрадалык бий” номинациясына катышкан.

“Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020-жылы даярдалган. Бирок, пандемияга байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Мындан улам, ансамбаль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң, 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого ваучерди берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келген”, — деген ансамблдин жететекчиси Быкова Наталья Александровна.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>