Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырды — видео

Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырды — видео

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

“Бүгүн, 23-майда, Кыргыз элим, касиеттүү кыргыз жерим, сүйүкутүү Кыргызстаным ушул жеңишимди силерге арнайм. Кыргыз элим, эрдигибизди, намысыбызды, эркиндигибизди, касиеттүү жерибизди сактап калалы. Эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы, болбосо кул болуп калабыз”, — деп кайрылуу жасады Кубатов.

Белгилей кетсек, Эверест чокусу — бул жер шарындагы эң бийик чекит. Эбегейсиз көрүнгөн  бул чокуну буга чейин эр жүрөк альпинисттер бир нече жолу багындырып келишкен, бирок бийиктикке аны багындырам дегендин баары эле көтөрүлгөн эмес.

Эверест планетанын 8848 метр бийиктиктеги эң бийик жери. Гималай тоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан. Анын көрүнүшү үч бурчтуу пирамидага окшоп, 5-чакырымынан тарта чокуга чейин мөңгүлөр менен капталган. Тоонун аталышы англиялык геодезист Джордж Эвересттин урматына аталган. Ал эми Эвересттин чокусун 1953-жылы 29-майда Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари алгачкы болуп багындырган.  Дүйнө эли кандай деп тааныбасын жергиликтүү тургундар үчүн ал Жомолунгма, которо келгенде («шамалдын кожойкеси») деп түшүндүрүлөт. Бул тоону багындыруу ар бир альпинист үчүн сыймык, көпчүлүк учурда аткарылбай калган кыял. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң бийик тоого 4000ден ашуун альпинист барса, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан чокууга чыгуу учун 500дөн ашуун адам каттайт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>