Кыргызстандык окуучу Бакуда өткөн сынакта үчүнчү орунду алды

Кыргызстандык окуучу Бакуда өткөн сынакта үчүнчү орунду алды

Бишкектеги Федот Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин 4-классынын окуучусу Эсен Жыргалбеков  Азербайжандын Баку шаарында өткөн Эл аралык вокалисттер сынагында 3-орунга ээ болду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда «Мугам” деген ат менен өткөн эл сынакка 15 өлкөнүн жаш вокалистери катышкан. Сынакта Эсен Жыргалбеков  Токтогул Сатылгановдун “Алымкан” чыгармасын аткарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>