Кыргызстандыктар эми Орусияга уруксат кагазы жок уча алышат

Кыргызстандыктар эми Орусияга уруксат кагазы жок уча алышат

Кыргызстандыктар эми Орусияга түз жана чартердик каттамдар менен уруксат кагазы жок уча алышат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстан ЕАЭБдин «COVID-19суз саякат жаса» долбооруна кошулган.

Буга чейин пандемия илдетине байланыштуу Орусия жана башка Евразес өлкөлөрүнө кирүү бир нече шарттар менен, анын ичинде ПЦР тести менен бирге олуттуу негиз талабы болсо, эми ал жоюлуп, атайын тиркемени жүктөө аркылуу жеңилдетүүлөр киргизилди. Евразия өнүгүү банкы тарабынан даярдалган бул  “COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси программага кирген ПЦР тестин тапшыруу лабороторияларын аныктоого жана тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө уюлдук телефонуңузга дароо кабыл алууга өбөлгө түзөт. Анализде ковиддин жоктугу аныкталса, анда бул тиркеме колдонгон өлкөлөр Орусия, Белоруссия жана Арменияга тоскоолсуз кирип, тескөөчү жайларга жөн гана тиркемедеги кодду көрсөтөсүз, — деп жазылат маалыматта.

“COVID-19суз саякаттайм ” тиркемесин колдонуу ыкмасы:

— Алгач уюлдук телефонуңузга  AppStore  же  GooglePlay ден “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесин жүктөйсүз

— Кетүүчү өлкөнү тандайсыз

— Программага кирген лабораториялардын бирине жазыласыз;

— Лаборатория сунуш кылган макулдашууга кол коюп, андагы QR-кодду уюлдук тиркеме аркылу сканирлейсиз, тест тапшырасыз;

— Тесттин жыйынтыгын лаборатория системага киргизээр замат, ал сиздин тиркемеңизде дароо пайда болот.

; Тесттен ковид чыкса QR-код кызыл түскө, ал эми жыйынтыгы таза чыкса-жашыл түскө боелот. Учуу алдында уюлдук тиркемеңиздеги тесттин жыйынтыгын тактап, мөөнөтүн аныктайсыз (ПЦР-тест жасалгандан кийин 72 саатка чейин жарактуу);

— ЕАЭС өлкөлөрү менен чек ара же башка талап кылган жайларга тиркемедеги QR-кодду көрсөтөсүз.

Эскертүү: “Манас” аэропорту (“МАМ” ААК) авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок.

Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>