Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктарды сабаган тажик тургундары мыйзам чегинде жазаланат

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ 17-майда, кечки саат 20:00дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.

Жетекчилер Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылында кармалган жарандар тууралуу сүйлөшүшкөн. Жыйынтыгында кыргызстандыктарды сабаган тажик тургундарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлгөн.

Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада жума сайын жолугууну  макулдашышкан.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген жана чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн  милиция кызматкерлеринин биргелешкен  посту коюлган.

Ошондой эле чек аранын кооптуу участкалардында, эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлгөн.

Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00гө чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан.

Өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш чаралары жүргүзгөн.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

Exit mobile version