Кыргызстандын аймагынан уран казууга 17 лицензия берилген

Кыргызстандын аймагынан уран казууга 17 лицензия берилген

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран, торий казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун колдогон депутаттар совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан ушул кезге чейин кутула албай келатканыбызды эске салып, каршы чыккандарды урандын зыянын бизнес менен алмаштырбоого чакырышты.

Белгилей кетсек, ушу тапта уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген. Анын ичинде 6 лицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү. Мурда белгилүү болгон сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүй аймагында, бирөө Баткен аймагында жайгашкан. Мыйзам кабыл алынса, Өкмөт аларды жокко чыгарууга тийиш.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>