Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Пашинян биринчи жолу келди

Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Пашинян биринчи жолу келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Никол Пашинян менен жылуу учурашып, аны кыргызстандыктар жакшы таанып, колдогон сыйлуу конок экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити экенин белгилеп, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бизде ЕАЭБдин жана эки тараптуу мамилелердин алкагында талкуулай турчу маселелерибиз көп. Бул жылы биздин товар айлантуубузда соода-экономикалык мамилелерибиздин абдан кичине базасына карабастан өсүүнүн болушу байкалууда. Эки өлкөнүн өнүгүүсүнүн максатында товар айлантуунун өсүшү үчүн потенциал бар. ЕАЭБдин бизге берип жаткан мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен колдонушубуз керек. Биздин жалпы кызыкчылыктарыбыз абдан көп. Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы конструктивдүү кызматташууну улантышыбыз керек», — деп баса белгиледи Армениянын премьер-министри.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян ошондой эле ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, ВСП+ статусунун артыкчылыктары, Евросоюз менен кызматташуу, санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашуу, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>