Кыргызстанга Казакстандын президенти мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө

Кыргызстанга Казакстандын президенти мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө

Күзүндө Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Сапардын так датасы айтыла элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен өлкөдө дипломатиялык миссиясын аяктаган Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев мамлекеттик сапардын деталдарын талкуулашты.

Күн мурун аны өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, бир жыл ичиндеги жемиштүү иштерине ыраазычылык билдирген. Жээнбеков Карим Кокрекбаевдин «стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди» бекемдөөгө кошкон салымын белгилеген.

Карим Кокрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылы февралда дайындалган. Ага чейин дипломатиялык кызматты Айымдос Бозжигитов жетектеген.

Бишкек менен Нур-Султан Кокрекбаевдин дипломатиялык миссиясынын эмне себептен тез аяктаганына түшүндүрмө бере элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>