«Кырк уруу» кыймылынын өкүлдөрү баңгизат менен кармалды

«Кырк уруу» кыймылынын өкүлдөрү баңгизат менен кармалды

Тинтүү жүргүзүү учурунда Сокулук районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен марихуана жана бульбулятор табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майда Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада 1969-жылы туулган И.Д. аттуу «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүүдө кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты табылып алынган.

Ошондой эле тергөө учурунда аны менен бирге 10 жаран болгон, алар да жогоруда талган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү болушкан.

Тинтүүнүн жүрүшүндө жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн үйдө жасалган шайман («бульбулулятор»), кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк табылып алынган. Андан сырткары атайын иттин жардамы менен кара-куурай жытына ээ болгон баштык табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат таза салмагы 427 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты деп аныкталган.

Кармалган жарандардын бирине өздүк кароо жүргүзүү шымынын чөнтөгүнөн (оң жашыруун чөнтөктө) сары полиэтилен баштыкка оролгон таңгак табылган, анын ичинде өсүүчү кара куурай кендир жыты бар зат табылып алынган. Экспертизада таза салмагы 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн «марихуана» баңгизаты болуп чыккан.

Ошондой эле күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушкан.

20-майда О.Т., А.А., жана Т.С. аттуу жарандар 98-берененин негизинде кармалып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми К.Ф., К.А., Э.С., Ж.Т., И.К., А.Т., И.Д., У.К. аттуу жарандар, тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>