Site icon Reporter.kg

Кытай Кыргызстанга 20 млн сомго “Sinopharm” вакцинасына сатат

Дүйнөлүк банк бөлгөн каражатка коронавиурска каршы кытайдын «Sinopharm» вакцинасы сатылып алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

“Биз кечээ донорлор жана Дүйнөлүк банк менен онлайн-конференция өткөрдүк, анын аягында келишимге кол коюлду. Дүйнөлүк банк бизге коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууга 20 миллион доллар бөлөт. Биз өзүбүз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналардын бирин тандайбыз. Анда Россиянын “Спутник V” вакцинасы жок, бирок тизмеде Кытайдын “Синофарм” вакцинасы бар, биз ошону сатып алабыз”, — деген министр.

Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза кытай вакцинасын гуманитардык жардам катары бекер берери жана экономиканы 54 миллион доллар өлчөмүндө колдой турганын Тышкы иштер министрлигинен билдиршкен.

Exit mobile version