Site icon Reporter.kg

Кытай Кыргызстанга акысыз 150 миң вакцина берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы вакцинанын 150 миң доза өлчөмүндө экинчи партиясын берүүнү чечти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында, 11-майда Сиань шаарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Жолугушууда Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион долларга жакын) өлчөмүндө грант бөлүү маселеси каралган.

Жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КР ТИМи жана Кытай ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлган.

 

Exit mobile version