Кытайдын бийлиги бубон тумоосу чыкканын расмий ырастады

Кытайдын бийлиги бубон тумоосу чыкканын расмий ырастады

Кытайдын бийлиги Монголия жана Орусия менен чектешкен Ички Монголия провинциясында бубон тумоо оорусу катталганын расмий ырастады.

Кытайда азырынча бул илдетке бир киши чалдыкканы белгилүү — ал Ички Монголия провинциясындагы Баян-Нур шаарында жашаган койчу. Азыр ал карантинде, абалы туруктуу. Провинциядагы тургундарга суурга аңчылык кылууга жана анын этин жеөөгө тыюу салынды.

Кара тумоо өткөн жумада Монголиянын Кытай жана Орусия менен чектешкен аймагында чыкканы кабарланган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ховд районунда жашаган эки бир тууган илдетти суурдун этин жегенден кийин жуктуруп алышкан. Алардын бардык туугандары обочолонуп, районго убактылуу карантин жана каменданттык саат киргизилген. Мындан тышкары аймакта жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>