Бишкекте жол тандабас светофордо турган автоунааны жана адамды сүзүп кетти, — видео

Бишкекте жол тандабас светофордо турган автоунааны жана адамды сүзүп кетти, — видео

Бишкек шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-июлда саат 17:30дар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Анда чыгышты карай бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаасы катуу ылдамдыкта келип, светофордо токтоп турган «Мазда» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Ал алдында өтүп бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, жөө жүргүнчү каза болгон.

Учурда эки унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө иштери башталган.

https://www.facebook.com/bolot.ibragimov/videos/1410421759145258/

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>