Кызыл китепке кирген күрөң аюу атып өлтүрүлдү

Кызыл китепке кирген күрөң аюу атып өлтүрүлдү

Наманган облусунун Чуст районунда 300 килограмм салмактагы күрөң аюу атып өлтүрүлдү. Район акиминин орун басары жаныбарды атууга бийлик тарабынан буйрук болбогонун, айыл жашоочулары өздөрүн коргоо үчүн ушундай кадамга барышканын билдирди.

Наманган облусунун эко-активисти Марат Наумов Гова айлына күрөң аюу келип жатканы тууралуу Өзбекстандын Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетине кайрылганын, бирок алар чара көрбөгөнүн айтты.

Маалыматка караганда, айыл аралаган аюуну бир күн бою сарайда кармашкан. Аңчылар аны уктатып, андан соң тоого алып барып таштоону же зоопаркка өткөрүп берүүнү көздөшкөн. Бирок облус боюнча жаныбарды уктатуучу каражат табылган эмес. Мындан соң эки мергенчи аны атып өлтүрүүгө аргасыз болгон.

Өлтүрүлгөн күрөң аюу Эл аралык Кызыл китепке киргизилген болчу. Учурда Өзбекстан аймагында 250дөй гана аюу калды.

Өзбекстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Тянь-Шань күрөң аюусуна зыян алып келген кишилерге же юридкалык жактарга 90 доллар айып пул салынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>