Кызыл-Кыяда автоунаа уурдаган 16 жашар өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыяда автоунаа уурдаган 16 жашар өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыяда автоунаа уурдаган 16 жашар өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен Облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну «Деу-Дайхатсу» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча Кызыл-Кыя ШИИБне арыз менен кайрылган.
Бул окуя боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Кадамжай районунун Алга айылында авариялык абалда табылган.

Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Ош шаарында жашырынып жүргөн жеринен Баткен шаарынын 16жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалып келинип, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле жаран 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарындагы Мерседес- бенц спринтер» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 195000сом жана автоунаанын документтерин уурдаганы аныкталган. Ал кармалганда аталган унаага таандык документтер жанынан табылган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>