Леди Гаганын бульдогун ок чыгарып уурдап кетти. Ал 500 миң доллар сыйлык сунуштады

Леди Гаганын бульдогун ок чыгарып уурдап кетти. Ал 500 миң доллар сыйлык сунуштады

Лос-Анжелесте белгисиз адам Леди Гаганын ит сейилдетүүчүсүн атып, ырчынын эки француз бульдогун уурдап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үчүнчү ити качып кетип, кийинчерээк табылган. Ырчы айым жаныбарларды кайтарып алуу үчүн 500 миң доллар төлөөгө даяр.

Ал эми Леди Гаганын жаракат алган жардамчысынын аты Райан Фишер. Ал иттери менен Голливудда сейилдеп жүргөндө белгисиз адам келип, ага ок чыгарып, эки итти (Кожи менен Густав) алып кеткен. Үчүнчү ит Мисс Азия  качып кеткен.

Жаныбарлардын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар болсо KojiandGustav@gmail.com электрондук дарегине жашыруун жөнөтсө болору кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>