Лейлектеги ооруканада дарыланып жаткан 3 жаран Бишкекке алынып келди

Лейлектеги ооруканада дарыланып жаткан 3 жаран Бишкекке алынып келди

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган 3 жаран дагы Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келинди. Бул тууралуу Саламатыткты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 3 жаран 21-сентябрда Бишкекке келген. Эки адамдын абалы орточо оор. Ал эми 27 жаштагы бейтапка ошол эле күнү операция жасалган. Абалы оор бойдон калууда, комада жатат. Бирок туруктуу деп бааланууда.

Буга чейин Баткенден Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алынып келинген 10 жарандын абалы канааттандырарлык. Министрлик маалымдагандай, алар керектүү дарылоодон өтүшүүдө. Төрт бейтапты аскер госпиталына которуу маселеси каралууда.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>