Ленин чокусунда жоголгон альпинистти издөөгө тик учак тартылды

Ленин чокусунда жоголгон альпинистти издөөгө тик учак тартылды

Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон 45 жаштагы орусиялык альпинист табыла элек. Аны издөөгө «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын тик учак тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына карганда альпинст 27-июлдан бери изделүүдө.  Ал акыркы жолу Ленин чокусунан түшүп баратып, 5000 метр бийиктикке келгенде баланышка чыккан.

Учурда  ӨКМдин жана “Сай Трэвел” туристик компаниясынын куткаруучулары издөө иштерин жүргузүшүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>